• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 4 батир күйдү

17 Тогуздун айы 202210:20 Бишкек Govori.TV

Бишкектин 8-кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 4 батири өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көп кабаттуу турак үйдүн 3-кабатынан өрт чыгып, №61-62-батирлери, 4-кабаттын №65-66-батирлери, 5-кабаттын №69-70 батирлердин балкону, чатырдын жыгачтары, 2 даана устун, 6 терезе жана 6 эшик, жалпы 60 чарчы метр аянты күйгөн.

Тилсиз жоонун себеби такталууда.

Количество просмотров: 177