• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги 52 конушка газга кошулду

25 Аяк оона 202415:34 Бишкек Govori.TV

Учурда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 52 жаңы конуш газга кошулду. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек аймактык башкармалыгынын инспектору Нуртилек Шарипов Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, борбордо 27 миң абоненттин ичинен отканасы бар 20 миң үйгө газ кошулуп, көмүрдү 61 миң тоннага кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ошондой эле Н.Шарипов белгилегендей, газга туташтыруу жана жабдууларды сатып алуу үчүн 1 млн. сомго чейин жеңилдетилген насыя берүү программасы бар.

Учурдагы маалыматтар боюнча, Бишкек шаарынан 48 керектөөчү буга чейин жалпы суммасы 19 миллион сомдук насыя алышкан (башкача айтканда, насыянын орточо көлөмү 396 миң сомду түзөт).

Количество просмотров: 166