• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Бишкектеги акча алмаштырган жайлар доллар сатпай жатат

24 Бирдин айы 2022 15:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайлар доллар сатпай жатат. Бул туурлуу Govori.TVга күбөлөр билдирди.

Маалыматка караганда, акча алмаштыруучу жайлар долларды кадимки баасында сатып алганы менен кайра сатпай жатат.

«Сурагандар көп болуп жатат, Доллар жок калды», — деп билдиришти акча алмаштырган жайлардан.

Ошол эле учурда ортомчулар долларды 95 сомдон сатып жатканы кабарланды.

Ал эми Бишкектеги банктарда АКШ доллар кескин кымбаттап, 94,9 сомго чыкты.

Теги:
Количество просмотров: 420