• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

Бишкектеги борбордук китепканада балдар үчүн жайкы ийримдер ачылды

17 Кулжа 202610:12 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Т. Касымбеков атындагы борбордук китепканада балдар үчүн жайкы ийримдер ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар китепкананын базасында өткөрүлүүчү чыгармачылык, билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактарга катыша алышат.

Жайкы ийримдер каникул убагында күн сайын саат 09:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

Количество просмотров: 38