Бишкекте 2 объекттин курулушу көптөгөн мыйзам бузуулардан улам токтотулду. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Агенттиктин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти «Беш Сары» жана «Спец Гидро Энерго Строй» ЖЧКларынын курулуш объекттерин текшерген.
Анда:
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен маалымдашкандай, текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик инспектор курулуп жаткан имараттын жүк көтөрүүчү каркасында, тосмо конструкцияларында, чатырында көптөгөн мыйзам бузууларды аныктаган.
Анын жыйынтыгы менен 200 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, бардык аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча талаптар берилди.
Белгиленген бузуулар четтетилгенге чейин бардык курулуш-монтаждоо жумуштары токтотулду.