• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкектеги М.Горький көчөсүнө шейхтин ысымы берилеби?

4 Чын куран 2023 11:40 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы Максим Горкий көчөсүнүн аталышы Бириккен Араб Эмирлигинин негиздөөчүсү жана туңгуч президенти Заид ибн Султан Аль Нахайяндын ысымынан атала турганы талкуу болуп жатат.

Буга байланыштуу мэрияга байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Көчөнүн атын өзгөртүү боюнча маселе комиссия отурумунда талкууланган эмес. Шаар бийлигинин органдары бул маселени талкуулап жатат. Бирок тиешелүү комиссия карай элек», — деп билдиришти мэриядан.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн жылы ноябрь айында Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө БАЭнин президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайяндын ысымын ыйгарган.

Чечим кыргыз-эмират достугунун чыңдалышын белгилөө, шейх бин Заед Аль Нахайяндын Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жолго коюуга жана өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымын эске алуу менен кабыл алынганы айтылган.

Количество просмотров: 71