• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкектен Москвага кошумча авиакаттам ачылды

1 Бугу 2023 11:21 Бишкек Govori.TV

Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз каттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30-апрелде Бишкекке «Аэро Номад» авиакомпаниясынын биринчи туруктуу каттамы учуп келген (Бишкек–Москва–Бишкек).

Авиакаттамдар Airbus 320 учагы менен жумасына эки жолу — шаршемби жана жума күндөрү Внуково аэропортуна аткарылат.

 Авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан төмөнкү багыттарга туруктуу жана чартердик каттамдарды аткарат: Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад, Анталия.

Количество просмотров: 64