Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-июнда саат 09:30дөн 18:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Байтик баатыр көчөсүнүн Иманалиев көчөсүнөн Лесхозная көчөсүнө чейинки тилкесинде суу жок болот.