• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкектин айрым жерлеринде 5 күн катары менен газ болбойт

22 Бугу 202318:07 Бишкек Govori.TV

Бишкектин айрым жерлеринде 5 күн катары менен газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» шаардык газ кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22-майдан 26-майга чейин борбор калаанын Фере – Мусоргский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө жаратылыш газынын сызылып агышын жоюу боюнча оңдоо иштери жүрөт.

Буга байланыштуу Саадаев, Жапаров, Республиканская (Ала-Арча дарыясы), ЧЧК, Дачная көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Теги:
Количество просмотров: 125