• Ишенби 31 Тогуздун айы 2020

Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт

28 сентября 2020 в 15:12 Бишкек Govori.TV

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Энесай” суу кампасындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эртең, 29-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин “Энесай”, “Дордой-1” жана “Дордой-2” конуштарында суу жок болот.

Алар:

  • №21 муниципалдык аймактык башкармалыгы;
  • №20 китепкана;
  • №7 милициянын бөлүмү;
  • №21, №94 мектеп;№9 үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Орхан көчөсүндөгү бал бакча;
  • “КУТ Монтажстрой” команиясы;
  • Дордой-17, 20А көчөсүндөгү “Ак-Илбирс” мекемеси;
  • №6 милициянын бөлүмү;
  • “Бегимай-Дордой” бала бакчасы;
  • Свердлов районунун коомдук-профилактикалык борбору.
Количество просмотров: 35