• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Битиңерди сыгып, канын жалагыла! Бул фразеологизмди колдонгон  мугалим иштен айдалды

6 Бештин айы 201716:14 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу govori.tv агенттигине Билим берүү министрлиги маалымдады.

“Жумгал районуна караштуу “Миң-Куш” шаарчасындагы Н.Крупская орто мектебинин мугалими Перизат Курманкожоева жумушунан айдалып, Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына эскертүү берилди.

Окуя мындайча болгон. Перизат Курманкожоева 11-класстын балдарынан бир нерсе талап кылып, алып келбеген балдарды “битиңерди сыгып, канын жалагыла” деген. Окуучулар мугалимдин бул айтканын жаздырып алып интернетке жарыялаган.

Мектепте 16 жыл эмгектенген Перизат Курманкожоева ярмаркага улуттук тамак жасап келүүдөн баш тарткан окуучуларга ушинтип айтканын моюндап, ярмаркадан түшкөн каражат окуу куралдарын сатып алууга жумшалмак деди.

Ата-энелер болсо бир мектепти бир уруу басып алганын, мугалимдердин баардыгы  бири-бирине ага-ини, таяке-жээн, жок эле дегенде өкүл ата-өкүл бала экендигин айтып, Н. Крупскаянын мугалимдери окуучуларды окутпай эле акча чогулутуп отургандыктан балдарын башка мектепке которуп жатканын айтышууда.

Ал эми мугалимдер бул жерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн экендигин дешет.

Сүрөт  turmush.kg  сайтынан алынды

Количество просмотров: 78