Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV
29-мартта “Бюджеттик кодексине жана Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болот. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
“Бүгүнкү күндө колдонуудагы мыйзамдардын нормаларына ылайык, Жогорку Кеңеш бюджет долбоорлорун жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду түзүү, кароо жана бекитүү маселелерин бир эле учурда кароого аргасыз болуп жатат. Мындай жагдай Жогорку Кеңешке көпчүлүк учурда бюджеттердин долбоорлоруна жана бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетторго толук кандуу талдоо жүргүзүү үчүн убакыт жетишпей жаткандыгына алып келүүдө. Натыйжада республиканын парламенти Өкмөт тарабынан киргизилип жаткан бюджеттин долбооруна жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчетко карата өзүнүн иштелип чыккан сунушун берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой жатат”,- деп айтылат маалыматта.
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору демилгечи тарабынын кароого киргизилүүдө. Ал бюджеттин аткарылышын кароону жана жаңы бюджетти түзүүнүн тартибин белгилейт, бул учурда бул эки процесс ар кандай учурда жүргүзүлөт. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан бюджеттин аткарылышы жана түзүлүшү боюнча маселелерди толук кандуу кароо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.