• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Борбор Азиянын президенттерин кайсы маселелер кооптондурат?

21 Теке 2022 14:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда өтүп жаткан консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы манилүү документке кол коюу менен жыйынтыкталганы турат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда президенттер соода-экономикалык кызматташуу, биргелешкен ири логистикалык долбоорлорду куруу, инвестиция тартуу, кошумча транспорттук коридорлорду жеңилдетип түзүү, коопсуздук маселелерин талкуулашкан.

«Бүгүн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өттү. Анда амлекет башчылар шашпай отуруп, Борбор Азиядагы маселелерди талкуулашты. Биринчиден, бул Борбор Азиянын коопсуздугу. Азыр дүйнө жүзүндө ар кандай чыр-чатактар болуп жатат, жаныбызда Ооганстан. Лидерлер «Борбор Азиядагы коопсуздук биздин өнүгүшүбүздүн негизи» деп сүйлөштү. Экинчиден, кибер менен маалыматтык коопсуздукту такташты. Мындан сырткары азык-түлүк коопсуздугу боюнча пикир алмашышты. Пандемиядан кийин логистикалык жолдор токтоп калган, аларды жандандыруу аракеттери айтылды. Ошондой эле илим-билимди жогорулатуу менен Борбор Азия телеканалын түзүү сунуштары айтылды. Инвестиция тартуу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу каралды. Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары ушундай кырдаалда биригип, чогу өнүгүү керектигин түшүнүп жатышат. Төртүнчү консультативдик жолугушуунун негизинде атайы декларация кабыл алынды»,-деди Кулубаев.

Количество просмотров: 233