• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Боронбаева: Гемодиализ кызматы үчүн акы төлөөгө 682,7 млн сом каралган

27 Чын куран 2020 16:40 Бишкек Govori.TV

2020-жылга карата гемодиализ кызматы үчүн акы төлөөгө 682,7 млн сом каралган. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын январь айынан тартып гемодиализ кызматы 20 жеке менчик жана 4 мамлекеттик ооруканада көрсөтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат базасында катталган 1 миң 234 бейтапка кызмат көрсөтүлүп келе жатат. Жыл башынан бери 235 млн сомго каржылоо болгон.

Количество просмотров: 42