• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Боронов: Бүгүнкү күндө 96 миң үй-бүлө жардамга муктаж, 78 миң адам жумушсуз

14 Чын куран 202011:00 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп жатат.
Жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүнкү күндө 96 миң үй-бүлө жардамга муктаж экенин билдирди.

«96 миң үй-бүлө жардамга муктаж, 78 миң адамдын жумушсуз деген расмий макамы бар. 80 миңден ашык үй-бүлөгө жардам берилди. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда жардам берүү активдүү түрдө көрсөтүлүп жатат. Учурда эң негизги азык-түлүктөрдүн баалары жөнгө салынды. Орусиянын премьер-министри менен сүйлөшүү жүрүп 28 миң тонна буудай жүктөлүп жатат. Жакын арада келүүсү күтүлүүдө», -деди Боронов.

Количество просмотров: 523