• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боронов менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

16 Теке 202011:52 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Кубатбек Боронов Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү чаралары, вирустун таркашынын алды алуу боюнча өз ара аракеттенүү талкууланды. 

Тараптар ошондой эле эки мамлекеттин кызматташуусунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинде өз ара иштешүү боюнча пикир алмашышты.

Количество просмотров: 236