Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолундагы Бостери айылында 2-июлда эртең мененки саат 07:10до “Мерседе-Бенц” жана “Киа К7” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен “Киа К7” унаасындагы эки адам жабыркаган.
Ошондой эле “Мерседе-Бенц” унаасынын айдоочусу жабыркап, жүргүнчүсү жеринде каза болгон.