Бишкек шаарынын Манас простпектисинде алты унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгынын кесепетинен жабыркагандар жок.
Беш унаа айып короого токтотулду, биринчи унаанын айдоочусу кырсыктын башка катышуучуларына эч кандай дооматы жок экенин айтып, кырсык болгон жерден кетип калган.