Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 6 жүргүнчү жабыркап, айдоочу каза болду. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башармалыганан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү саат 15:20 чамаларында Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымынан Тойота-Альфард оң рулдуу унаасы түндүктөн түштүктү карай бара жатып, алдын ала маалыматтар боюнча жолдогу аңдардан качып, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, түштүктөн түндүктү көздөй келе жаткан Хонда-Степвагон унаасын сүзүп, жол кырсыгына учураган.
«Жол кырсыктын кесептинен Хонда Степвагон унаасынын айдоочусу көз жумган жана унаалардын ичинде жүргүнчү катары бара жаткан 6 жаран Жайыл районун аймактык ооруканасына кайрылган»,-деп айтылат маалыматта.
Бул окуя боюнча Жайыл РИИБнүн тергөөчү тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып териштирүү иштери жүрүүдө.