Кыргызстандагы авиакомпанияларды Еврокомиссиянын «кара тизмесинен» чыгаруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабарда Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов билдирди.
Анын айтымында, «кара тизмеден» чыгуу үчүн 7 кадам иштелип чыкты.
«Үстүбүздөгү жылдын 24-25-майында Брюссель шаарында DG MOVE’нын директору менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Жылыш бар, бүгүнкү күндө дагы аракеттер жүрүп жатат»,-деди ал.
Белгилей кетсек, Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинин натыйжалары боюнча 2006-жылдын октябрында Кыргыз Республикасында катталган баардык авиакомпаниялар Евросоюздун “кара тизмесине” кирген. Өкмөт андан чыгуу жаатында бир катар аракеттерди көргөнү менен майнапсыз болуп келген.