• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан Европанын авиациялык “кара тизмесинен” качан чыгарылат?

16 Аяк оона 202511:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын авиациясы Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” 2026-жылдын май айында чыгарылат деп күтүлүп жатат. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов ЖКнын комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан 2023-2024-жылдары Жарандык авиация эл аралык уюмунун аудитинен ийгиликтүү өткөн.

“Ушул жылдын 7-8-октябрь күндөрү агенттиктин делегациясы Брюсселге барып Еврокомиссия менен жолугушууларды өткөрөт. Анда биздин реформалар, кабыл алынган чаралар менен жыйынтыктар сунушталат. Еврокомиссия декабрда Кыргызстанга келип жыйынтыктоочу аудит өтөт”, — деди ал.

Количество просмотров: 99