• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ботсадтагы өрттүн себеби аныкталды

20 Жалган куран 201812:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек 20.03.2018  Govori.TV
Бишкек шаарынын түштүк-чыгышындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчага сейилдеп жүргөн адамдар чылым таштагандан улам өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
«Чылым таштаган адамды кармаганга мүмкүнчүлүк болгон жок»,- деп жазылат маалыматта.
2017-жылдын күз айларында  Ботаникалык бакчада кайра-кайра өрт чыгып, бакчанын директору кызматтан алынып, өкмөт башчы Сапар Исаков бул маселени жеке көзөмөлүнө алган.

 

 

Количество просмотров: 60