• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Британдык мультимиллионер Майк Линчтин яхтасы чөгүп, дайыны чыкпай жатат

20 Баш оона 20240:18 Бишкек Govori.TV


Британиялык мультимиллионер Майк Линчтин яхтасы Сицилиянын жээгинде кырсыкка кабылып, дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Meduza The Telegraph басылмасына шилтеме берди.

Баасы 35 миллион евро болгон 56 метрлик Bayesian яхтасы 19-августка караган түнү Портичелло жээгинде торнадодон улам чөгүп кеткен.

Яхтада жалпысынан 22 адам болгон. Алардын көбү британиялыктар. 15 киши өтүп бараткан кеме менен куткарылды, бир жабырлануучунун сөөгү куткаруучулар тарабынан табылды. Линч дагы бешөө дайынсыз болууда.

59 жаштагы Линч байлыгын программалык камсыздоо тармагынан тапкан. Аны ММКлар «Британдык Билл Гейтс» деп аташат. 2015-жылы дүйнөдөгү эң абройлуу жана белгилүү экономикалык Forbes журналы анын байлыгын 1 миллиард долларга баалаган.

Линч он жылдан ашык убакыт бою Hewlett Packard менен соттошкон, ал 2012-жылы анын Autonomy компаниясын сатып алгандан кийин бизнесменди жана топ-менеджментти финансылык отчетторду бурмалаган деп айыптаган. Ушундан улам, 2018-жылы АКШнын Юстиция министрлиги Линчти 2024-жылдын июнь айында алдамчылык боюнча айыптап, соттун жыйынтыгында Линч толугу менен акталган.

Лукашенко үчүнчү дүйнөлүк согуштун коркунучун көрөт

Беларустун президенти Александр Лукашенко НАТОнун аскерлери Украинага кирсе, үчүнчү дүйнөлүк согуш болуп кетет деген кооптонуусу күч. Буга чейин Беларусь лидери орус телеканалдарынын бирине интервью берип, анын үзүндүлөрү Telegram-каналындагы “Pul First” жарыяланган.

Батыш НАТОнун аскерлерин киргизсе, бул үчүнчү дүйнөлүк согуш болот.

«Анткени ошондо тактикалык да, стратегиялык да өзөктүк курал колдонулат жана жообу коркунучтуу болот, алар да муну түшүнүшөт, биз да түшүнөбүз» деди ал.

Эске сала кетсек, Беларусь президенти буга чейин Орусия менен Украина сүйлөшүү үстөлүнө отуруп, “бул күрөштү” токтотушу керек деп билдирген.

Количество просмотров: 315