• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Париж олимпиадасында алтын медаль уткан Иман Хелиф прокуратурага кайрылды

12 Баш оона 202418:09 Бишкек Govori.TV

Олимп оюндарында 66 кг чейинки салмак даражада алтын медаль уткан алжирлик боксчу Иман Хелиф Париж шаарынын прокуратурасына кайрылды. Арыз анын атына карата интернетте айтылып жаткан пикирлерге байланыштуу жазылды.


Иман Хелиф Париждеги Олимп оюндарында алгач ирет жеңишке жеткенден тарта ал аял
эместигин айтып, аялдар менен бирге таймашка чыгып жатканына нааразы болгондор көбөйгөн. Ал финалда кытайлык Ян Лю менен күч сынашып, жыйынтыгында калыстардын бир тараптуу чечими менен жеңишке жетишкен.


Иман Хелиф IBA тарабынан бир жыл мурда Индияда өткөн дүйнө чемпионатында гендердик тесттен өткөн эмес. Аны менен кошо Тайвандын өкүлү Линь Юйтин да тесттен өткөн эмес. Олимпиада комитети болсо экөөнө тең Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берген

Количество просмотров: 810