• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

БШК: Кармалган депутаттын казак жарандыгы болсо мандатынан ажыратылат

21 Бирдин айы 2018 17:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.02.2018.Govori.TV
БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбектин казак жарандыгы бар экени чын болсо манжатынан ажыратыларын билдирди. Ал ошондой эле Асылбек уулу Дамирбек 2015-жылкы парламенттик шайлоодо кантип катталганы тууралуу айтып берди.
«Парламенттик шайлоодо тизмедеги талапкерлерди текшерүүнүн жол-жобосу бар. Ага ылайык талапкерлер кыргыз жараны экенин тастыктаган паспортун документке тиркеш керек. Ал документтер атайын комиссиянын кароосунан өтүп бекийт. Асылбек уулу Дамирбек кыргыз жараны экенин тастыктаган паспорту болгон үчүн тизмеге катталып, депутат болгон. Ал эми, башка өлкөнүн жараны экенин жашырган болсо, ага кылмыш жоопкерчилиги каралган. Тийешелүү укук коргоо органдары алектениш керек»,-деди Бекматов.
Бекматов ошондой эле Асылбек уулу Дамирбектин казак жарандыгы бар экени тастыкталса, БШК аны мандаттан ажыратарын айтты.
«Депутаттын мандаты алына турчу бир катар ченемдер бар. Анын бирөө жарандыгын жоготуу. Башка жарандык алганда, же башка өлкөнүн жарандыгы бар экени билинип калса мандаттан ажырайт. Бирок, башка өлкө жарандыгын алган депутат өзү документин алып келип тапшырыш керек. Ал эми, Асылбек уулу Дамирбек боюнча БШК Казакстанга суроо кат жөнөтөбү же кандай, чечебиз. Депутаттын башка жарандыгы бар экени тастыкталса БШК мандаттан ажыратат.
Количество просмотров: 4