• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

БУУ: Тажикстанда айрым азык-түлүк түрлөрү болуп көрбөгөндөй кымбаттады

15 Теке 20229:08 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда быйыл айрым азык-түлүк түрлөрү болуп көрбөгөндөй кымбаттады. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдирди.

Маалыматка караганда, Тажикстанда ундун баасы былтыр ушул маалга салыштырмалуу 50% жогорулаган.

БУУнун адистери өткөн аптада ага чейинки жумаларга салыштырмалуу Тажикстандын алты базарында ундун баасы 1-3% төмөндөгөнүн, Тоолуу Бадахшан автоном облусунда тескерисинче кымбаттаганын аныкташкан. Мындан тышкары Тажикстандын сегиз баразарында кумшекер 4%дан 18%га чейин арзандаган.

Жыл башынан бери Тажикстанда эң керектүү товарлар бир нече жолу кескин кымбаттады. Андай учурларда бийлик калк үчүн кесепеттерин азайтуу максатында мамлекеттик резеврдин эсебинен базарга арзаныраак азык-түлүк чыгарып турду. Бирок ал товарлар көбүнчө түшкө чейин эле түгөнүп калып жатты.

Количество просмотров: 1418