• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Быйыл 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктайт

15 Бугу 202614:22 Бишкек Govori.TV

Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Тагыраак айткандай, 2025-2026-окуу жылында 11-классты 80 миң 829 окуучу аяктаса, 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрөт.

Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өтөт.

Количество просмотров: 146