• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Быйыл иш-сапарлар үчүн казынадан 622 миллион сом коротулган

22 Тогуздун айы 2018 18:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV
Аткаминерлер командировка үчүн канча каражат коротот деп социалдык, илим, билим, маданият жана саламаттык сактоо меселелери боюнча парламенттик комитеттин отурумунда депутат Аида Касымалиева кызыкты.
«Мекеме донорлордун жана бюджеттин эсебинен иш-сапар үчүн канча каражат коротту? Канча киши кайда барды? Прокуратурадан жалгыз эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тууралуу эмес, жалпы маалымат берүүнү суранам», -деди депутат.
Каржы министрлиги Адылбек Касымалиевдин айтымында, бул жылы командировка үчүн 622 миллион сом коротулган.
Количество просмотров: 11