Быйылкы «Алтын топтун» ээси аталды. Ал испаниялык «Манчестер Сити» клубунун жарым коргоочусу Родри (Родриго Эрнандес) France Football журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты футболчусу катары «Алтын топ» сыйлыгын жеңип алды. Сыйлык тапшыруу аземи Парижде өттү.
Аземге «Манчестер Ситинин» жана Испания курама командасынын оюнчусу балдак менен келди. Ал сентябрдын аягында тизесинен жаракат алган. Өткөн сезондо Родри Испания курама командасы менен Европа чемпионаттын утуп, ал жакта турнирдин мыкты оюнчусу деп табылган.