• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Былтыр рак оорусу 6,5 миңден ашык адамдан аныкталган

30 Теке 20259:19 Бишкек Govori.TV

Былтыр Кыргызстанда рак оорусу 6651 миң адамдан жаңы аныкталган жана бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 8,9% көп. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Бейтаптардын теңине жакыны дарыгерлерге кеч кайрылган жана алардын арасынан 40% көбү бир жылдын ичинде көз жумган. Жалпысынан бул оору менен беш жыл жашагандардын көрсөткүчү 34,2% түзөт.

Аталган министрлик 29-июлда онкологиялык кызматтын азыркы абалы жана келечегине арналган жыйын өткөрдү. Анда министр Эркин Чечейбаев бул тармак жакынкы жылдары олуттуу реформа болорун билдирди.

Количество просмотров: 107