• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаевди жубайы бычактаган

18 Теке 2018 10:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.07.2018. Govori.TV
Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаевди бычактаган жубайы камакка алынды. Бул тууралуу Govori.TV  сайтына Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз катчысы Мира Абдулдаева билдирди.
«Бул боюнча кылмыш жаза кодексинин 234 (бейбаштык) беренеси менен Свердлов райондук ИИБгы кылмыш ишин козгоду. Кылмышка шектүү катары  1984-жылы туулган жубайы К.Б кармалып, камакка алынды» -дейт Абдулдаева.
Белгилей кетсек, кечээ 17-июлда  Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаев бычактан жаракат алып оорукана жаткырылганы туурасында ЖМКлар жазып чыгышкан.
Сарчаевге операция жазалып,ал учурда бейтапканада.
Эске салсак, Нурлан Сарчаев Жайыл РИИБда Бурулай Турдалиеванын өлүмүнөн кийин ээлеген кызматынан бошотулган болчу.
Количество просмотров: 39