• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Чүй жана Ысык-Көлдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

17 Баш оона 2021 17:49 Бишкек Govori.TV

Чүй жана Ысык-Көл облусунун айрым жолдору 19-20-августта жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусунда отурум өтөт. Ушуга байланыштуу жолдогу коопсуздукту камсыздоо максатында Тамчы айылынан Бостери айылына чейин, андан сырткары Чолпон-Ата шаарында транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө коюлат.

«Жолдо унаа тыгындарын жаратпоо үчүн жол эрежелерин жана жолдо жүрүү маданиятын так сактап, унааларды жолдун жээгине кароосуз калтыруудан алыс болууга чакырабыз. Алдын ала жол каттамдарын тандап алыңыз. Өткөрүлүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн эске алып, жарандарыбыз менен коноктор убактылуу киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алат деп ишенебиз», — деп билдирди ЖКККББнын басма сөз кызматы.

Количество просмотров: 1610