• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө 4 жаран диний-экстремисттик көз караштан баш тартты

31 Теке 20239:41 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда 4 тургун «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун экстремисттик идеяларынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, 13-июлда сот тарабынан тыюу салынган аталган диний-экстремисттик уюмдун жактоочулары – Т.У.Т., С.С.Б., К.Т.К. жана Т.А.А. өзүлөрүнүн мурда тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартты.

Алар жарандарды бул диний-экстремисттик уюмдун тарапташтарынын мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого үндөгөн.

Количество просмотров: 108