Чүйдө 15 жаштагы окуучу кызды ала качкан 23 жаштагы жаран кармалды
Чүйдө 15 жаштагы окуучу кызды ала качкан 23 жаштагы жаран кармалды
11 Теке 2018 12:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11. 07.2018. Govori.TV
Жайыл районуну Степной айылынан жашы жете элек окуучу кызды ала качкан 23 жаштаны Москва районунун Беловодск айылынын тургуну 23 Ш.У аттуу жаран камакка алынды. Бул туурасында Govori.TV сайтына Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта «15 жаштагы кызды 23 жаштагы жигит 8-июлга карган түнү саат 03:00 чамасында ала качкан. Саат таңкы 06:00 чамасында кызды үйүнө алып барган, ал учурда окуучуну туугандары издеп баштаган. Жигит кызды 1-2 жолу көрүп сүйүп калганын айткан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кыз менен жигит ошол түнү унаада жыныстык катнашта болгонун айтышкан» -деп жазылат.
Бул боюнча РИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) жана 154,125 берененин негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда кыз ала качкан шектүү жигит камакка алынып, тергөө улантылып жатат.