• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүйдөгү тоолордо жапайы жаныбарлардын камерага тартылып калган сүрөттөрү жарыяланды

14 Тогуздун айы 202211:56 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын июнь айында Чүй облусунун Жайыл, Панфилов, Москва райондорунун аймагында деңиз деңгээлинен 4000 м бийиктикте 31 камера капкан орнотулган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Белгиленгендей, камералар «Илбирс» коомдук фонду тарабынан Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрөнү коргоо программасынын «Жоголуп бара жаткан казыналар» долбоорунун алкагында орнотулган. Максаты – ак илбирстин популяциясына жана түрлөрүнө – азык-түлүк объекттерине мониторинг жүргүзүү болгон.


Объективдерге илбирс, сүлөөсүн, эчки, таш суур, аркар, бүркүт, кар, суур жана башка жапайы жаныбарлары түшүп калган.

Количество просмотров: 237