• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чүйдө калкты тейлөө борборун курууда 4,6 млн сом зыян келтирилген

24 Теке 2023 15:10 Бишкек Govori.TV

Кемин районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кемин районунун Калкты тейлөө борборунун имаратын курууда мамлекетке 4 млн 675 миң сомдук өзгөчө ири өлчөмүндөгү чыгым алынып келингендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тактап айтканда, айрым мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалдарынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайда көрүү максатында баштапкы сметада аныкталган 27 млн 988 миң 503 сомдон тышкаркы кошумча акча каражат керектелүүдө деген негизде “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын одоно түрдө бузушуп, милдеттүү түрдө жүргүзүлчү мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу сатып алууларды алып барбастан, куруучу «М.С.» ЖЧКсынын банктык эсебине кошумча келишим түзбөстөн 4 млн 500 миң сом акча каражатын түз которуп жиберишкен.

Ошондой эле, Калкты тейлөө борборунун имаратынын курулушуна 2021-жыл ичинде жасалган айрым жумуштарын гана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан текшерүүдө, аткарылган жумуштардын актысында көрсөтүлгөндөрдүн айрым позициялары боюнча баалары жогорулатылып кабыл алынып, актыда белгиленген курулуш материалдары пайдаланылбагандыгы аныкталган. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 4 млн 675 миң сомдук өзгөчө ири өлчөмүндөгү чыгым алынып келинген.

Кемин райондук прокуратурасы тарабынан аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 79