• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө окуучулар жапырт ууланган

28 Жетинин айы 20249:28 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Искра айылында окуучулар жапырт ууланып, Токмок шаардык ооруканага 12 жаштан 16 жашка чейинки 11 бала түшкөн.

Милициянын маалыматы боюнча, 7-класстын окуучусу таштанды полигонунан «BEN 10» деген конфет менен бөтөлкөдөгү таттуу сууну таап алган. Ал таттууларды мектепке алып барып классташтары менен бөлүшкөн.

Балдарга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 161