• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чүйдө сарайда өрт чыгып, 223 бука жана 30 миң түк чөп күйдү 

18 Теке 2022 11:59 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Аламүдүн районунун Пригородное айылында сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ферманын жалпы аянты болжол менен эки миң чарчы метрди түзгөн. Өрттү өчүрүүгө жети бөлүм, үч суу ташуучу унаа, өрт өчүрүү штабы жана ыкчам топ тартылган.

“Алардын жардамында өрт түнкү саат 2:03тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 223 бука жана 30 миң түк чөп күйгөн”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 3080