• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Чаткалдагы кенден 1100 тоннадан ашык алтын рудасы мыйзамсыз чыгарылган

1 Теке 2024 15:00 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Сарай-Сай» кенинен көлөмү 1100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө «Сарай-Сай» кенинен көлөмү 1100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташып чыгуу, андан соң жалган документтер менен кийин Кара-Балта тоо-кен комбинатына сатуу максатында алып кирүү фактысын аныктады.

Аталган факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2024-жылдын 25-июнунда КР жарандары М.Д.З., М.А.Б. жана Ч.И.Б. кармалды.

Кармалгандар жасаган кылмыштарын мойнуна алып, 2024-жылдын 27-июнунда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалгандардын экөөсү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бүгүнкү күндө бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 623