• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Чек арада табылган аскердин сөөгү ДНК-экспертизага жөнөтүлөт

5 Тогуздун айы 2022 16:43 Бишкек Govori.TV

14-17 сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө КР УКМК Чек ара кызматынын бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылды. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, денесинин 90 пайыздан ашыгы жабыркагандыктан, анын өздүгүн дароо аныктоо мүмкүн болгон эмес.

“Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктады. Дастан Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамдын өздүгүн аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында керектүү материалдар генетикалык-экспертиза — ДНК-тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга жөнөтүү үчүн даярдалды. ДНК-тесттин жыйынтыгы каза тапкан аскер кызматкердин ата-энесине жана жакын туугандарына маалымдалат.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, ошону менен бирге генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Д.Анарбековду издөө иш-аракети улантылат.

Количество просмотров: 1242