• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чек арадагы акча опузалоо тууралуу маалымат текшерилет

15 Жетинин айы 2021 16:00 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Чек ара кызматы интернеттеги “Чек ара кызматынын чек арачылары курулуш материалдарын алып кетип жаткан жарандын акчасын алып койду” деген маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

“Бүгүн “Камаздын” айдоочусун жана машинанын ичинде бараткан куруучуну “Самаркандек” чек ара заставасынын Баткен районунун Жаңы-Бак айылында кызмат өтөгөн жеке курамы менен бетме-бет кезиктирүү болот. УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар экени тастыкталса териштирүүнүн материалдары Аскер прокуратурасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жоопкерчилигин кароо үчүн жөнөтүлөт”,-деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы мамлекеттик чек арада аскер кызматкерлери тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө жана башка укук бузууларга дуушар болгон жарандарга 0 (312) 54 43 06 ишеним телефонуна же [email protected] электрондук дарегине кайрылуулар менен арыздарды калтырса болот экендигин эскертет.

Количество просмотров: 76