Талаш болуп жаткан жерде күзөт жүргүзүп, кимден күнөө кетсе чара көрүү макулдашылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.
Абалды жөнгө салуу максатында 14-сентябрга чейинки абалга кайтуу боюнча эки тараптуу чечимге келдик. Талаш болуп жаткан жерде бизде Максат айылында, тажик тараптан Овчу-Калачада биргелешип күзөт жүргүзүү, кимден күнөө кетсе чара көрүү макулдашылды, -деди Шаршеев.