• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

 “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын байгелери тапшырылууда

21 Бирдин айы 2024 9:05 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы 25-декабрдан 30-декабрга чейин өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын 2-этабынын жеңүүчүлөрүнө байгелерин тапшырууну баштады.

Ведомстводон белгилешкендей, байгелерди тапшыруу план менен жүрүп жатат. Салык кызматкерлери, байгени тапшыруу күнүн жана убактысын тактоо үчүн лотереянын жеңүүчүлөрү менен байланышууда.

Белгилей кетсек, байгелерди алуу толугу менен акысыз!

Лотереянын экинчи этабында жалпысынан 1244 баалуу байгелердин жеңүүчүлөрү аныкталды. Анын ичинде 10 батир, 11 электромобил жана Дубайга эки кишилик 4 жолдомонун ээлери бар.

Ведомстволор аралык байкоочу комиссия жеңүүчүлөрдүн лотереяга катышуу эрежелерин сактагандыгын текшергенден кийин 21 катышуучунун утуштары жокко чыгарылды.

Количество просмотров: 128