• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Черикчиев: «Кыргызпочтасы» Ozon жана AliExpress менен кызматташат

20 Чын куран 202310:21 Бишкек Govori.TV

«Кыргызпочтасы» ААК Ozon жана AliExpress базарлары менен кызматташат. Бул тууралуу 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында аталган ишкананын төрагасы Марат Черикчиев билдирди.

Жыйында депутат Эльвира Сурабалдиева “Кыргызпочтасы” ишканасы 2023-жылдан тарта курьердик кызматты, электрондук заказдык каттарды, ошондой эле аларды электромобилдер менен жеткирүүнү көздөп жатканын эске салды. Ал буга чейин кандай ишер аткарылганын сурады.

Черикчиев 2024-2026-жылдары компаниянын бардык унааларын электромобилдерге алмаштыруу боюнча грант KOICA тарабынан ишке ашырыла турганын айтты.

«Электрондук каттар боюнча мыйзам иштелип чыгып, талкуу жүрүп жатат. 2023-жылы Таллинде (Эстония) «Ozon» сорттоочу борбору менен биргеликте электрондук коммерция филиалын ачканбыз. Ошто AliExpress менен сорттоочу борбор ачылуу алдында турат. Wildberries жеке түзүмдөр менен иштейт, бирок “Кыргызпочтасы” аркылуу келгенин жеткиребиз. Жалал-Абадда “Кулук-Экспресс” электр мотоциклдери боюнча курьердик кызматты ачтык. Буюртмаларды кабыл алуу жана берүү пункттарын ишке киргизип жатабыз”, — деди Черикчиев.

Количество просмотров: 89