• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таластагы «Кыргызпочтасы» ААКнын имараты мамлекетке кайтарылды

13 Кулжа 202512:28 Бишкек Govori.TV

 КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас шаарынын борборундагы 0,14 га аянттагы имараттар мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында жогоруда көрсөтүлгөн объект «Б» категориясындагы (маанилүү объектилер) стратегиялык объект экендиги аныкталган. Ушуга байланыштуу жер тилкеси  мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Азыркы учурда имараттар КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 148