• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чет жактан которулган акчаны ошол валютада беребиз деген банктар жазаланат

8 Кулжа 2022 13:39 Бишкек Govori.TV

Чет жактан жөнөтүлгөн акчаны ошол валютада берүүдөн баш тартып жаткан коммерциялык банктар аныкталса, аларга карата чара көрүлөт. Бул тууралуу 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселени көтөргөн депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Ал мындай көйгөйгө туш болгондор башкы банкка кайрылып, арыз жазышы керектигин билдирди.

“Орусиядан акча рубль түрүндө которулса, бул жакта да рубль менен берилиши керек. Эгер банктар рубль бербей, сом алгыла деп кардарларды мажбурлап жатса, бул мыйзам бузуу. Ошондой фактылар болсо, бизге кайрылса, Улуттук банк тиешелүү чара көрөбүз”, — деди ал.

Улуттук банктын коомдук кабылдамасына кайрылса болорун кошумчалады.

Количество просмотров: 129