Эртең, 18-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында ырчылардын «Мейкин Азия» III эл аралык Ысык-Көл фестивалы башталат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш-чарада 20-августта жыйынтыкталат.
Фестивалга Азия жана Европа өлкөлөрүнөн келген ырчылар катышып, Казакстан, Түркия, Россия, Түштүк Корея, Кытайдан мейман катары келген эстрада жылдыздары улуттук жана дүйнөлүк хит ырларды тартуулайт.