Палатадагы шарттарга нааразы болгон жарандар тууралуу видео бул айрым жарандардын жасаган хайпы. Мындай пикирин Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өкмөттөгү брифинг учурунда билдирди.
«Биз карантинге жаткыруу максатында палаталарды даярдап жатканда болгон шартты түзүүгө аракет кылганбыз. Албетте, баары жакшы эмес бирок, шарттар бар», — деп жооп берди министр.
Буга чейин социалдык тармактарда умрадан келгендерди шарты өтө начар жерге жаткырып койгондугу туурасында видео тарап жаткан. Анда суук, кир, ажатканалары таза эмес бөлмөгө киргизип койгону айтылган.