• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Чу дегенде эле, партиялар эмнеден баштады?

4 Аяк оона 2020 10:31 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 4-сентябрдан тарта Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштери расмий башталды. Үгүт иштери башталышы менен шайлоого аттанган партиялар өздөрү тууралуу маалымат берүүгө билек түрө киришишти.

Алардын бири «Бир бол» саясий партиясы «Бир бол Элим» аттуу ыр жаздырып, клип тартып коомчулукка чыгарышты.

https://www.facebook.com/birbolparty.kg/videos/309856563610422/

Ал эми «Замандаш» саясий партиясы шайлоого үгүт иштеринин старт алышын борбордогу чоң сааттын алдында туруп тосуп алышкан. Андан соң Ала-Тоо аянтына барып, партиянын лидери менен байланышка чыгып, сезимдери жана алдыдагы пландары менен бөлүшушкөн. Жана ошондой эле партия тууралуу роликтер да байма-бай соцтармакка чыгып жаткан чагы.

https://www.facebook.com/joodar.buzumov.9/videos/910305292790769/

Шайлоого аттангандардын катарында «Республика» партиясы да бар. Үгүт иштеринин башталуусу менен бул партия да «Биздин тарых – бул 10 жылдык жеңишибиз!» деген видео тасмасын жарыялашты.

https://www.facebook.com/100027696850556/videos/679940346272521/

Ал эми бүгүн «Биримдик» саясий партиясы Бишкектеги өчпөс оттун жанына тарапташтарын чогултту.

https://www.facebook.com/Birimdik.official/videos/3426636810729726/

Ал эми «Кыргызстан» партиясы үгүт иштерине 100% даяр экенин жар салып, кыскача тасмасын жарыялады. Анда партияны коомчулукка таанытуу тууралуу көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтылган.

https://www.facebook.com/kyrgyzstan2010/videos/352716502550129/

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы 15 партиянын талапкерлерин каттоодон өткөргөн.

Ал эми 2 партия — «Бүтүн Кыргызстан» жана «Актив» катталган жок. Бүгүн партиялар арасында чүчү кулак өткөрүлүп, алардын бюллетендеги орду аныкталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Республика боюнча 2464 шайлоо тилкеси, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо тилкеси түзүлдү.

Количество просмотров: 167