• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Акин Токталиев: Чубак ажы боюнча маалымат тараткан Бишкек ШИИБ коомчулуктун башын чаташтырып жатат.

5 Бештин айы 201710:00 Бишкек Govori.TV

Чубак ажы Жалиловдун жактоочусу менен Бишкек ШИИБнин ортосунда кадимкидей эле маалыматтык кармаш башталды. Бишкек ШИИБси туура эмес маалымат таратып жатканын диний ишмердин жактоочусу Акин Токталиев айтып чыкты.

“Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына таянган айрым ММКлар коомчулуктун башын чаташтырып жатат. Чубак ажы Жалилов экинчи жубайынан баш тарткан жок. Ал биринчи жубайы менен расмий никеде, экинчи жубайы менен мусулманча нике кыйылгандыгын айткан деди”-Акин Токталиев.

Эскерте кетсек кечээ Бишкек ШИИБ Чубак ажы Жалилов экинчи аялым жок, ал менин сүйүктүүм гана деп айтты деген маалымат тараткан. Азыр коомчулук Бишкек ШИИБ не же жактоочуга ишенээрин билбей жатат. Чубак ажы Жалиловдун өзү менен байланышууга да мүмкүнчүлүк болгон жок.

Количество просмотров: 34